Балдардын жашоо шарты боюнча түзүлгөн рейтингде Кыргыз өлкөсү 94-орунга жайгашты

Балдардын жашоо шарты боюнча түзүлгөн рейтингде Кыргыз өлкөсү 94-орунга жайгашты

Балдардын жашоо шарты боюнча түзүлгөн рейтингде Кыргыз өлкөсү 94-орунга жайгашты. Бул тууралуу эл аралык Save The Children фондунун иликтөөсүндө айтылды.

Маалыматка ылайык, рейтингге жалпы 176 мамлекет кирген.

2000-жылдан бери 176 өлкөнүн 173үндө балдардын жашоо шарты жакшырган. Балдардын өлүмү жылына 4 миллион 400 миңге чейин азайды жана мектепке барган балдардын саны 115 миллионго өстү. Жылына эрте никеге турган балдардын саны 11 миллионго, эрте кош бойлуулук 3 миллионго кыскарды“, – деп айтылат маалыматта.

Балдардын жашоо шарты эң мыкты өлкөлөр деп Сингапур, Швеция жана Финляндия өлкөлөрү табылса, Мали, Түштүк Судан жана Сомали мамлекеттери рейтингде 174, 175 жана 176-орундарга жайгашты.

Коңшу өлкөлөрдөн Тажикстан 90, Өзбекстан 72, Казакстан 40, ал эми Кытай 36-орунду алган. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген мамлекеттерден Беларусь 34, Орусия 38, Украина 42-сапты ээлеген.

Булак Super.kg

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<