РФдагы мекендештерди коргоо үчүн, КР Акыйкатчысынын коомдук жардамчылары дайындалды

РФдагы мекендештерди коргоо үчүн, КР Акыйкатчысынын коомдук жардамчылары дайындалды

Жакында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Россия Федерациясынын чоң шаарларында эмгектенип жатышкан кыргызстандыктардын укугун коргоо үчүн, Акыйкатчынын коомдук жардамчыларын дайындады.

Акыйкатчынын өкүлдөрү болуп, “Замандаш” ассоциациясынын жетекчилиги сунуш кылган талапкерлер дайындалышты.

Ошентип, Россиядагы кыргыз диаспораларынын айрым жетекчилери, мекендештердин тагдырына кайдыгер карабаган активдүү мекендештер Акыйкатчынын коомдук жардамчылары болуп калышты. Алар мындан ары Россиянын кайсы шаарларында жашаса, ошол жактагы кыргызстандык мекендештерге маалыматтык жана укуктук жактан жардам көрсөтө алышат. Кыргызстан менен мекендештердин ортосундагы көпүрө болуу кызматын аркалашат.

КР Акыйкатчысынын Россия Федерациясындагы өкүлдөрү:

1. Исмаилов Нурбек Эрмекбаевич – Самара шаары
2. Садиров Бакыт Кушбакович – Приморск крайы
3. Сайдыкулов Эсен Какелеевич – Саха Республикасы (Якутия)
4. Жамгырчиев Урмат Адылбекович – Оренбург шаары, Оренбург облусу
5. Болтуруков Орозбек Аяпбергенович – Новосибирск облусу
6. Мырзабаев Алтынбек Джаныбекович – Хабаровск шаары, Хабаровск крайы
7. Муканбетов Бейшенбек Аскербаевич – Татарстан Республикасы
8. Кутунаев Кочкорбай Калдарбекович – Санкт-Петербург шаары
9. Мырзабеков Эгемберди Биймырзаевич – Москва, Москва облусу
10. Омурзаков Бахтияр Турсункулович – Москва, Москва облусу
11. Сманова Канзада Нурмамбетовна – Тюмень  шаары, Тюменск облусу
12. Абдылдаев Курманбек Карыбекович – Ростов-на- Дону шаары
13. Абдылдаев Бектурсун Шайлообекович – Москва, Москва облусу
14. Сулайманов Канатбек Касымович – Красноярск крайы
15. Аргынбаева Айкан Молдалиевна – Краснодарский крайы
16. Капарбай уулу Алмазбек – Воронеж шаары, Воронеж облусу боюнча иш алып барышмакчы.

“Замандаш” ассоциациясынын жетекчилиги жогорудагы активдүү мекендештерибизди Акыйкатчынын өкүлдөрү болуп дайындалуусу менен чын дилден куттукташат. Ар кандай кыйынчылыктарда сабырдуу болууну, кыргызстандыктардын тагдырына кайдыгер болбоону, кыргызстандыктардын бардык көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берүүдө талыкпастан эмгек өтөөнү каалайт.

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<