Түркияга кирген кыргызстандыктар 40 пайызга азайды

Түркияга кирген кыргызстандыктар 40 пайызга азайды

Бул тууралуу Түркиянын Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка караганда 2019-жылдын биринчи төрт айында Түркиянын Стамбул шаарындагы аэрпортторунан өлкөгө кирген кыргызстандыктардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 40 пайызга (36 миңге жакын) азайган.

Түркияга эң көп келген чет өлкөлүктөрдүн тизмесинде Германиянын, Ирандын жана Орусиянын жарандары басымдуулук кылат.

Кыргызстандыктар Түркияга Бишкек-Стамбул авиакаттамы аркылуу келишет. «Түрк аба жолдору» компаниясы 2012-жылы, 19-июлда Стамбул-Ош-Стамбул багытында каттамын баштаган. Бирок кийинчерээк каттам токтотулган.

Расмий маалымат боюнча Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өткөн. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, окуп же эмгектенет.

Булак “Азаттык”

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<