Кыргызстандык “Кош бол” тасмасы Москвадагы фестивалда жеңүүчү болду

Кыргызстандык “Кош бол” тасмасы Москвадагы фестивалда жеңүүчү болду

Кыргызстандык кыска метраждуу “Кош бол” тасмасы “Алтын бешилик” (“Золотая пятёрка”) студенттик тасмалардын эл аралык фестивалында жеңүүчү болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фонду билдирди.

Фестиваль 21-23-май күндөрү Москвада болуп өткөн.

Тасманын режиссеру – Караш Жанышов.

Белгилей кетсек, бул тасма 6-июнь күнү “Логвиненко көчөсү 55А” дарегинде жайгашкан “Сорос-Кыргызстан” фондунда көрсөтүлөт. Ал саат 17:00дө башталып, кирүү акысыз.

Буга чейин аталган тасма “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” кинофестивалында жеңүүчү болгон. Оберхаузенде (Германия) 1-6-май күндөрү болуп өткөн кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалында калыстардын чечими менен “Кош бол” тасмасы калыстардын атайын сыйлыгына татыган.

Булак Кабар

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<