Орозо айт куттуу болсун!

Орозо айт куттуу болсун!

Урматтуу замандаштар! Ошентип отуз күн туткан орозобуз аягына чыкты. Орозо айында бардыгыбыз ниетибизди, ой-тилегибизди таза кармоого аракеттендик. Эгер кимдир бирөөлөрдү капа кылган болсок чын пейилден кечирим сурап, жалаң жакшы ойлордун кучагында болууга умтулдук.

Ар кандай нерсеге болгон каалоолорубузду тизгиндеп, ар ким өзүнүн ички рухун тазалап, эркибизди чоң сыноодон өткөрдүк. Ушул орозо айында бардыгыбыздын ойлогон ойлорубуз, тилек-максаттарыбыз бир адамдыкындай болду десек жаңылбаспыз.

Себеби ар бир адамдын ниетинде, ойлогон оюнда өз үй-бүлөсүнүн, Кыргызстаныбыздын бакубат, тынччылыкта жашоосу, иштерибиз илгерилеп, балдарыбыз билимдүү, ар бир мекендешибиздин ак эмгегинен баар таап өмүр сүрүүсү болду.

“Замандаш” ассоциациясынын жетекчилиги бардыгыңыздарды орозо айт майрамы менен чын ниеттен куттуктайбыз. Ар бир үй-бүлөдө тынччылык, дасторкондо береке, ниеттердин таза болушун каалайбыз!

Айтыңыздар маарек болсун!

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<