Россияда көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Россияда көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Россияда көк бөрү боюнча Чыңгыз Айтматовдун Кубогу үчүн эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Агенттик билдиргендей, мелдеш Москва облусунун Сергиев Посад шаарында 12-июнь күнү өткөрүлмөкчү. Мелдеш Россия жана Евразия өлкөлөрүнүн элдеринин дене тарбия фестивалынын алкагында өтүүдө.

Мелдеш кыргыз-россиялык алаканы бекемдөө, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу жана көк бөрүнү Евразиянын көчмөн элдеринин улуттук спорту катары жайылтуу максатында өткөрүлөт.

Булак Кабар

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<