Жаштар театры Уфадагы фестивалда сыйга татыды

Жаштар театры Уфадагы фестивалда сыйга татыды

Ушу тапта театр Татарстандын Казань шаарында “Нооруз” деп аталган түрк тилдүү элдердин театр фестивалына катышууда.

 Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театры Башкыртстандын борбор калаасы Уфа шаарында өткөн “Туганлык” эл аралык фестивалга катышып, “Психологиялык театрдын салтын улаганы үчүн” сыйга татыды. Бул тууралуу маалыматты аталган жайдын директору Жолдош Жанжигит уулу тастыктады.

Белгилей кетсек, фестиваль түрк тилдүү театрлардын өнөрү үчүн аянтча болуп берет.Кыргызстандан барган театр Түнжер оглынын чыгармасынын негизинде Элвира Ибрагимова койгон “Көчкү” спектаклин тартуулады. Маданий иш-чарага 15 өлкөдөн барган өнөрпоздор катышканы белгилүү болду.

Жолдош Жанжигит уулунун айтымында, ушу тапта театр Татарстандын Казань шаарында “Нооруз” деп аталган түрк тилдүү элдердин театр фестивалына катышууда. Анын жыйынтыгы 8-июнда чыгат.

Булак Спутник

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<