100 миңдей кыргызстандык Орусиянын миграциялык мунапысын пайдаланды

100 миңдей кыргызстандык Орусиянын миграциялык мунапысын пайдаланды

105 миңден ашуун кыргызстандык мигрант Орусиянын миграциялык мунапысын колдонду. Бул тууралуу Кыргызстандын мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов Бишкектеги атайын басма сөз жыйынында билдирди.

Ал жалпы 200 миңдей кыргыз жараны тобокел тобунда болгонун, иш жүзүндө алардын жарымы гана илешкенин ырастады. Ибраимжанов муну менен катар дагы беш жарым миңдей адам «кара тизмеден» чыкканын кошумчалады.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкектеги мамлекеттик сапарынын алдында Орусия кыргызстандык мигранттарга мунапыс берген.

Ага ылайык, Орусиянын аймагында миграция мыйзамдарын бузган кыргызстандык жарандарга 1-апрелден 22-апрелге чейин Орусиядан чыкпай эле легалдашуу мүмкүнчүлүгү берилген.

Булак “Азаттык”

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу