Кыргызстандын жаш гимнасттары эл аралык турнирде 14 медаль утту

Кыргызстандын жаш гимнасттары эл аралык турнирде 14 медаль утту

Спортчулар уткан медалдын 10у алтын.

Кыргызстандык жаш гимнасттар Казакстандын Жамбыл облусунда өткөн көркөм жана эстетикалык ачык чемпионатка катышып, 14 медаль утушту. Бул тууралуу “Ак-Барс” көркөм гимнастика клубунан билдиришти.

Мелдеш 3-июнда өтүп, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулган. Мелдешке катышкандардын эң улуусу 12 жашта болсо, эң кичүүсү 6 жашта.

Ийгилик жараткан спортчулардын тизмеси:

  • Самия Турсункулова — 1-орун (А тайпасы);
  • Наима Джекшенбекова — 2-орун (А тайпасы);
  • Сажера Жусупалиева — 1-орун (А тайпасы);
  • Азалия Азизова — 3-орун (А тайпасы);
  • Алуа Рахманкулова — 1-орун (В тайпасы);
  • Асема Бадыкеева — 1-орун (А тайпасы);
  • Айпери Жекшенбаева — 1-орун (А тайпасы);
  • Аина Маратова — 2-орун (А тайпасы);
  • Адинай Таштаналиева — 1-орун (В тайпасы);
  • Каныкей Абдижалилова — 1-орун (В тайпасы);
  • Самира Кульмамбетова— 1-орун (А тайпасы);
  • Адема Дженишбекова— 2-орун (А тайпасы);
  • Бегайым Кушбакалиева— 2-орун (А тайпасы);
  • Бегимай Нурбекова — 1-орун (В тайпасы).

Булак Спутник

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<