Уссурийск шаарында дагы бир мекендешибиз кайтыш болду

Уссурийск шаарында дагы бир мекендешибиз кайтыш болду

Акыркы кезде Россияда иштеп жаткан мекендештердин арасынан кырсыкка кабылып каза болгондор көбөйүп бара жаткандай.

Бүгүн, 9-июнда ушундай суук кабарды Россиянын Приморск крайындагы кыргыз диаспорасынан кабарлашты. Приморск крайынын Уссурийск шаарында курулуш ишинде иштеп жаткан Жалал-Абад облусунун тургуну Бабатаев Талантбек Тазабекович бир жума мурун шаардык реанимация бөлүмүнө түшкөн. Ал ооруканада өзүнө келе албай, эки күн мурун кайтыш болгон.

Дарыгерлердин жардамы менен эки күн жашап, бирок өнөкөт баш оорусунан өзүнө келген эмес.
Приморск крайынын Уссурийск шаарындагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси, КР Акыйкатчысынын өкүлү Садиров Бакыт Кушбаковичтин билдиргенине караганда, сөөктү мекенге жеткирүү үчүн документтерди жана сөөктү даярдап, эки күндө аны узата тургандыгы белгилүү болду.

Маркумдун жакындарынын азасын тең бөлүшүп, үй-бүлөсүнө көңүл айтабыз. Арты кайырлуу болсун.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<