Сеулда кореялык туристтерди Кыргызстанга чакырышты

Сеулда кореялык туристтерди Кыргызстанга чакырышты

2019-жылдын 5-июнунда Корея Республикасында биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилиги жана “Ак-Сай Трэвел” кыргыз туркомпаниясы менен биргеликте уюштурулган «Кыргызстан-туризмдин жаңы багыты» аттуу туристтик форуму болуп өттү. Форум 6-9-июнь аралыгында  Сеул шаарында болуп өткөн “Seoul International Tourism Industry Fair” эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн  алкагында болду.

Форумга Hana tour, Semyung tour, Sanak tour, SK tour, Hyecho trecking сыяктуу кореялык алдынкы туроператорлор жана Кыргызстандан барган туроператорлордун өкүлдөрү тарабынан: Ak-Sai Travel, Travel Land и Kyrgyz Community Based Tourism Association катышты. Ошондой эле Кореянын туризм чөйрөсүндө иштеген жалпыга маалымдоо каражаттары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Динара Кемелова куттуктап, ал Кыргыз Республикасынын туристтик дарамети жөнүндө айтып берди. Кыргызстанга барган туристтердин саны акыркы кезде көбөйүшү байкалып жаткандыгына көнүл бурду. Ошол себептен Түштүк Корея жана кыргызстандык туркомпаниялар биргеликте Кыргызстанды кореялык туристтер үчүн эң көп саякат кылуучу мамлекетке айлантууга чакырды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын туристтик дарамети жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө «Ak-sai Travel» компаниясынын өкүлү Александр Калмыков презентация жасады. Тактап айтканда, Кыргызстанга баруу себептери жана туризмдин түрлөрү, мисалы альпинизм, трэккинг, кэмпинг, лыжа спорту ж.б. жөнүндө айтып берди.

Форумдун аягында Кыргызстандык активист Гулайым Кожомкулова комуз ойноп берди, ошондой эле конокторго кыргыз улуттук тамактардын жана суусундуктардын даамын татуу сунушталды.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<