Тюменде “Ыр кесе – 2019ду” Өзгөн коому баштап берди

Тюменде “Ыр кесе – 2019ду” Өзгөн коому баштап берди

Тюмендеги “Биримдик” кыргыз диаспорасынын жетекчиси Канзада Сманова бизге буларды билдирди:

– Тюмендеги “Биримдик” кыргыз диаспорасынын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына карата 7-июнда жаңы долбоор, биринчи жолу Тюмень жергесинде “Ыр кесе” башталды. Аны Өзгөн районунан келип эмгектенип жатышкан жердештер баштап беришти.

Бул долбоор унутулуп бара жаткан улуттук оюн-күүлөрдү эске салып, илгертен муундан муунга өтүп келе жаткан ыр кесени жандандырды. Алгачкы өткөн “Ыр кесе – 2019га” Өзгөн элинин таланттуу активисттери мыкты даярдыктары менен келишип, Тюменде эмгектенип жатышкан мекендештерге мыкты маанай тартуулашты.
Урматтуу өзгөндүк мекендештер, сунушту кабыл алып биринчилерден болуп ыр кесени баштап бергениңиздерге ыраазымын. Ортоңуздар толуп, ынтымагыңар дагы арта берсин!

Ал эми калыстыкты моюндарына алган калыстар тобуна да терең ыраазычылык билдиребиз. Эл ичинде сиздер да аман болуңуздар. Ыр кеседе ырларды аккардеон менен шаңын чыгара коштоп берген Арстан акеге да абдан ыраазыбыз. Алып баруучулар Гүлмирага, Нурбекке,  элдин маанайын көтөргөн Аксакал акеге, Жааныгүл, Мыскал эжелерге, мукам үндөрү, көз жоосун алган бийлери менен элди шыктандырган Кымбат жана Бегимайга жана башка жигиттерге терең ыраазылык билдиребиз. Сүрөтчү Улан менен оператор Нуржигитке да чоң алкыш!

“Ыр кесе – 2019” кечесинин көркүн ачып бийлеп беришкен шайыр эжелерге, колдоп келген бардык көрүүчүлөргө чын ниеттен рахмат айтабыз.

Кийинки ыр кесенин эстафетасын Аксы коомунун активисттери алып кетишти. Алар да ынтымак, ыр-бий менен ыр кесени мыкты уюштурушат деген үмүт чоң.

“Биримдик” диаспорасына дайыма колдоо көрсөтүп келе жаткан КР Өкмөтүнө караштуу миграция боюнча Мамлекеттик кызматтын Урал федералдык округу боюнча өкүлү Жусубакмат Таштановичке, диаспоранын маданий бөлүмүнүн кеңешчиси Лира Бузурманкуловага,  жардамчы Ленисбек Сеитовго жана Азамат Раимбековго да терең ыраазычылык билдирип, амандык каалайм. Жардамга кол сунган бардык адамдарга, активист айымдарга да ыраазыбыз.

Бардыгыбыз бар болуп, бир болуп, ушинтип ынтымагыбызды чыңдап жүрө берели. Бул долбоорду колдоп чыга турган демөөрчүлөр эл арасынан чыгат деген ишеним бар.

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<