Тюмендик кыргыздар эмгекте эле эмес, спортто да абдан активдүү

Тюмендик кыргыздар эмгекте эле эмес, спортто да абдан активдүү

Россиянын Тюмень облусунда жашаган кыргызстандык мекендештер ар дайым активдүүлүгүн көрсөтүп келишет.

Өткөн жуманын аягында, 8-июнда Тюмень облусунда чуваш элинин “Акатуй” деп аталган майрамы болуп өттү. Бул майрам жазгы айдап-себүүнүн бүтүшүнө арналып өткөрүлүп келет. Айдап-себүү аяктаган соң, эми Кудай түшүмүн мол бере көр деп суранып, отту улуу жагып, тамак-аштын түрлөрүн жасап алышып, адамдар бири-бирин сыйлашат. Түрдүү оюн-зооктор, спорттук мелдештер өткөрүлөт.

Адаттагы ушундай майрам Тюмень облусунун 300 чакырым алыс жайгашкан Аромашевск районунда болду. Бул майрамга Тюмендеги чуваш элинин башын бириктирип турган автономия президенти Ираида Маслованын чакыруусу менен, “Биримдик” кыргыз диаспорасынын жетекчиси Канзада Сманова диаспора мүчөлөрү менен бирге абдан активдүү катышты. Ошондой эле Тюмендеги “Алыш” спорт клубунан 16 спортчу кыргыз жигиттер катышып, мелдештерде алдыңкы орундарды ээлешти. Клубдун улук машыктыруучусу болуп Исаков Ниязбек иштейт, ал эми Эргешбаев Мамат машыктыруучу катары өзү мелдешке катышты.

Чуваш элинин салты боюнча спорттук мелдешке чоң байге – кочкор коюлат. Аны жеңген адам кочкорду мойнуна көтөрүп алып, ары-бери басып турат.

“Бел боо” күрөшү боюнча мелдеште кыргыз жигиттер алдына эч кимди чыгарышкан жок. Эргешбаев Мамат 82 кг. салмакта биринчи орунга, Кенжалы уулу Самат ушул эле салмакта экинчи орунга, Касымов Усуп ушул эле салмакта үчүнчү орунга, ал эми Акбаралы уулу Эрмек 90 кг. салмакта биринчи орунга, 75 кг. салмакта Өскөн уулу Талантбек биринчи орунга, Ашыралы уулу Шергазы экинчи орунга, Эсеналы уулу Темирлан үчүнчү орунга, 65 кг. салмакта Бекмурат уулу Ниязбек биринчи орунга,  Абдынасир уулу Жыргалбек экинчи орунга, Абдинасир уулу Медербек үчүнчү байгелүү орундарга татыктуу болушту. Бардык салмакта жеңишке жетишкендер менен күрөшүп, аларды жеңип алган Эргешбаев Мамат абсолюттук чемпион аталды. Жашасын биздин балбан жигиттер!

Кол күрөштө Эргешбаев Мамат 90 кг. салмакта биринчи орунга, Бекмурат уулу Ниязбек 70 кг. салмакта экинчи орунга, ал эм гира көтөрүү бою кайрадан Эргешбаев Мамат катышып, үчүнчү орунга татыды.

Бул маданий, спорттук иш-чарага Тюмень облустук думасынын депутаттары Ю. Конев, Н. Бабин, Тюмень облустук администрациясына караштуу улуттар аралык комитетинин төрагасынын орунбасары В. Чернов да катышты. Аромашевск районунун башчысы И. Власов жана башка жетекчилер да болду.

“Биримдик” кыргыз диаспорасынан Лира Бузурманкулова иш-чараны маданий жактан көркүнө чыгарып, меймандарга кыргыз ырларынан аткарып берди. Айдап-себүүнүн аяктаганына арналган майрамга Россиянын ондогон региондорунда жашаган чуваштар да келип катышкан. Ал эми Аромашевск районунда жашаган башка улуттар, анын ичинен татарлар, белорустар да аларды колдошту. Алар улуттук тамак-аштын түрлөрүн, каада-салттарын көрсөтүштү.

Спорттук мелдеште баш байге койду утуп алган кыргыз спортчу жигиттер ошол эле күнү “Кыргызстан” кафесине койду союшуп, бешбармак, куурдак менен жеңиштерди белгилеп, спортчу жигиттердин мындан аркы ийгиликтерине каалоо-тилектер айтылды.

Мындай иш-чаралар Тюмень облусунда байма-бай өтүп,  ал жакта жашаган элдин ынтымагын бекемдеп келет. Жакынкы убакта татар элинин “Сабантуй”, казак элинин “Курултайына” да барып катышуу алдыда турат. Ал эми күзүндө, 12-октябрда кыргыздардын маданият күндөрүн “Биримдик” диаспорасы өткөрөт.

Бизге бул кабарды “Биримдик” диаспорасынын жетекчиси Канзада Сманова кабарлады.

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<