Жалал-Абаддын Барпы театры Орусиядагы мекендештерди кыдырат

Жалал-Абаддын Барпы театры Орусиядагы мекендештерди кыдырат

Барпы атындагы облустук театрдын 14 адамдан турган чыгармачыл жамааты Орусиядагы мекендештерди кыдырып спекталь жана концерт тартуулайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» театрдын директору Санжар Берикбаев билдирди.

– 12-июндан 8-июлга чейин Новосибирскиден баштап Урал, Екатеринбург, Тюмень, Пермь, Сургут сыяктуу аймактарын кыдырып, бир жарым ай ошол жакта болобуз. Хакасия менен Тывада негизинен билеттердин баарын жергиликтүү калк сатып алып жатыптыр. Орусиянын кээ бир аймактарында да диаспоралар суранып жатышат. Ошол себептүү гастролубуз узарып кете турган болду. Негизги максат – театрдан алыстап кеткен, чет жакта иштеп жаткан эмгек мигранттарына руханий азык тартуулоо жана кыргыз маданиятын кеңири жайылтуу, – деди Берикбаев .

Театр жамааты Мар Байжиевдин «Адашкан адам» чыгармасынын негизинде сахналаштырылган спекталь жана чакан программадагы концерт менен баратат. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, президенттин кеңешчиси Султан Раев колдоо көрсөтүп, каржылоону театр өз эсебинен жүргүзүүдө. Театр кызматкерлеринин Орусияга аттанышы өлкө эгемендик алган жылдардан бери театрлар арасында алгачкы ирет болуп жатат.

Булак “Азаттык”

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<