Элчи А. Жекшенкулов Санкт-Петербургда кыргызстандыктар менен жолугушту

Элчи А. Жекшенкулов Санкт-Петербургда кыргызстандыктар менен жолугушту

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, 2019-жылдын 8-июнунда Санкт-Петербург шаарынын Улуттар үйүндө, КР РФдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси А. Жекшенкулов шаарда жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун башында диаспора активисттери элчи менен мурунку жолугушуудагы каралган маселелердин жыйынтыктары боюнча – шаардык диаспоралык уюмдардын алдында кыргыз диаспорасынын Координациялык кеңешин түзүү жана төрагасын шайлоо, ошондой эле Ч.Айтматов атындагы сейил бакты жашылдандыруу боюнча маалымат беришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи катышуучулар менен консулдук, миграциялык багыттардагы актуалдуу маселелер, алардын ичинде Россияда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү кеңейтүү, «жүк-200дү» Кыргызстанга жөнөтүү, элчиликтин консулдук ишин жакшыртуу, жарандардын РФнын аймагында туруу тартиптери, ошондой эле Москва шаарында мигранттарга көмөк көрсөтүү фондун түзүү пландарын талкуулады, ошону менен бирге мекендештерибиздин РФнын тийиштүү мыйзамдарын сактоого өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан сырткары, иш-чаранын катышуучулары 2020-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков жана Россия Федерациясынын Президенти В.Путин тарабынан эки өлкөдө Кыргызстан менен Россиянын жылы деп жарыялангандыгы тууралуу маалымат алышты, ошондой эле Улуу Ата-Мекендик согушта Жеңиштин  75 жылдыгын белгилөө боюнча иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү тууралуу Президенттин Жарлыгына кол коюлгандыгын белгиледи.

Ошондой эле Санкт-Петербург шаарынын Улуттар үйүндө Элчи А. Жекшенкулов «Поступок» кайрымдуулук фондунун «Память»  долбоорунун жетекчиси А.Нарваткина менен жолугушуп, анда кыргыз тарабына Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында Ленинград шаарын коргогон КРнын Ысык-Көл облусунда туулган 109 аскер тууралуу маалымат (сыйлыктары, согуш жолдору, сөөктөрү коюлган жерлери тууралуу) тапшырылды.

Элчи кайрымдуулук фондуна жана «Память» долбооруна мындай ак ниет, өтө баалуу эмгектерин, азыркы кезде жаш муундарды тарбиялоодо үлгү болуучу эрдик экендигин баса белгилеп, кыргыз аскерлеринин тагдырларын иликтөөлөрү үчүн терең ыраазычылыгын билдирип кетти.  Өз кезегинде «Память»  долбоорунун өкүлдөрү Кыргызстандын башка облустарында туулган, Ата-Мекендик согушта курман болгон аскерлер боюнча маалымат жыйноого даяр экендиктерин билдиришти.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<