Красноярск шаарында тормозунда мүчүлүштүгү бар автобус токтотулду. Ичинде кыргыздар болгон

Красноярск шаарында тормозунда мүчүлүштүгү бар автобус токтотулду. Ичинде кыргыздар болгон

Орусиянын Красноярск шаарынын Автоинспекция кызматы техникалык мүчүлүштүгү бар автобусту токтотушкан. Анын ичинде чет элдик жарандар болгон. Маалымат Красноярск шаарынын Автоинспекция кызматынын сайтында жарыяланды.

8-июнда жол кыймылын көзөмөлдөөчү кызматкерлер Красноярск-Бишкек каттамындагы автобусту токтотушкан. Транспорттун ичинде 33 жүргүнчү болсо, алардын жетөө балдар болгон. Текшерүү учурунда автобустун тормоз кармоочу системинде жана жарык берүүчү приборлорунда мүчүлүштүктөр бар экенин аныкташкан. Буга байланыштуу автобустун айдоочусуна административдик материалдардын негизинде документтер толтурулган. Ал эми транспорт атайын токтоочу жайга токтотулду. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда 2 адам Орусиянын аймагындагы миграциялык мыйзамды бузуп жүргөнү аныкталган.

Булак Super.kg

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<