Кыргызстандык маданият өкүлдөрү Москвада футболдук чемпионатка катышып жатышат

Кыргызстандык маданият өкүлдөрү Москвада футболдук чемпионатка катышып жатышат

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2019-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги Москва шаарында “Арт-футбол” футболдук-музыкалык фестивалдын (артисттер арасында футбол боюнча чемпионат) салтанаттуу ачылышына катышты.

Фестивалга 16 өлкөнүн өкүлдөрү катышып жатышат. Фестивалдын катышуучуларынын арасында Кыргыз Республикасынын эстрада жана кино өнөрүнүн чеберлери да бар.

Биринчи турда Кыргызстан курама командасы Словакиянын курама командасы менен беттешип, тең чыкты. Экинчи турда Кыргызстан жылдыздары Сербиянын командасы менен беттешет.

Ал эми М.Горький атындагы борбордук эс алуу багында россиялык эстрада жылдыздарынын, фестивалдын катышуучуларынын алардын ичинде кыргызстандык артисттердин да концерти өтөт.

15-июнда саат 15.00дө М.Горький атындагы борбордук эс алуу багында Кыргыз Республикасынын эстрада жылдыздары концерт беришет.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<