Түркия: кыргызстандык футболчунун командасы көңүл чордонунда

Түркия: кыргызстандык футболчунун командасы көңүл чордонунда

Германиялык “Bild” басылмасы түркиялык “Бешикташ” футбол клубунун U-16 командасынын оюнчулары 4-июнда Грециянын Родос аралында “The Cup of Rhodes Knights” мелдешине барган учурда мейманканага сойкуларды чакырганын жазды.

“Бешикташ” футбол клубунун башкы машыктыруучусу Фарук Шахин “Азатыкка” сүйлөп жатып, бул маалыматты төгүндөдү.

“Медиада чыккан кабарлар туура эмес. Болгону мейманканада эс алган кыздар менен дос болушкан. Басылманын “сойкуларды чакырды” деген маалыматы толугу менен жалган. Кыргызстандык Автандил U-16 командасынын капитаны эмес U-15тин капитаны”.

Машыктыруучу Фарук Шахин өспүрүмдөр мейманканада ата-энелердин жана машыктыруучулардын көзөмөлүндө болгонун баса белгиледи.

Учурда “Бешикташ” футбол командасынын өспүрүмдөр командасында үч кыргызстандык футболист ойнойт. Түркиялык “Галатасарай” футбол клубунун өспүрүмдөр командасында да ойногон кыргызстандык оюнчулар бар.

Булак “Азаттык”

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<