Тюменде “Достук көпүрөсү” майрамы Россия күнүнө карата өткөрүлдү

Тюменде “Достук көпүрөсү” майрамы Россия күнүнө карата өткөрүлдү

Эки күн мурда Россиянын Тюмень облусунун 75 жылдыгына арналган улуттар аралык “Достук көпүрөсү” майрамы болуп өттү.

Бул майрам Россия күнүнө карата өтүп, 25-жолу белгиленип жатат. “Биримдик” кыргыз диаспорасынын жетекчиси Канзада Сманованын билдиргенине караганда, Тюменде 144 түрдүү улуттун өкүлдөрү жашашат. Кыргыз диаспорасы бул майрамга 12-жолу катышып жатат. 35тей улуттун өкүлдөрү “Достук көпүрөсүнө” туруктуу катышып келет. Бул жолу Кыргызстандан Алтынай Эгембердиева аттуу ырчы кыз да атайын барып катышып, өз өнөрүн мекендештерге тартуулап келди. Андан тышкары тюмендик кыргыздардан турган “Ак шоола”, “Байчечекей” ырчы-бийчилердин тобу, диаспорада маданий иштерди алып барган Лира Бузурманкулова, Ленисбек Сеитов өз өнөрлөрүн тартуулап, майрамды шаңга бөлөштү.

Канзада айымдын айтымында, Тюмень облустук бийлиги улуттар аралык ынтымакты чыңдоого аябай көңүл бөлөт. Бул майрамга катышкан улуттардын өкүлдөрү улуттук тамак-ашын даярдап, каада-салтттарын башкаларга даңазалай алышат. Мына ушуларды көрсөтүүгө облус бийлиги жакшы шарт түзүп берет.

Былтыркы ушундай майрамды Өзгөн районунан келип иштеп жаткан мекендештер уюштуруп өткөрүшсө, быйылкысын Кара-Суу районунан мекендештер боз үйдү тигип, тамак-ашты даярдап, өздөрү да камылгасын көрүп өткөрүштү.

“Достук көпүрөсү” майрамы эртең менен башталып, Тюмень облусунун губернатору Александр Моор өзү ар бир улуттун үйүнө кирип, улуттук тамак-ашынан ооз тийип чыкты. Майрам уюшкандык менен жогорку деңгээлде өттү.

 

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<