Москвада мигранттардын “Аян” театры иштей баштады

Москвада мигранттардын “Аян” театры иштей баштады

Москвада кыргыз мигранттарынын «Аян» театрынын бет ачары өттү. Бул тууралуу диаспора өкүлдөрү билдиришти.

Россиянын борборундагы ресурстук борбордо «Аян» театрынын тушоо кесүү аземи болуп, Жума Куддустун «Хан оюну» чыгармасы коюлду.

Белгилей кетсек, театрдык топту акын Айнаш Козубаева жана режиссёр Садыр Сагынбаев жетектейт. Анын курамын мигранттар мекендештер түзөт.

Булак 24kg

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<