Түндүк Урал агрардык университетине келип окугула!

Түндүк Урал агрардык университетине келип окугула!

Эмне үчүн Түндүк Уралдагы агрардык университетине өтүп окуу керек?

Быйылкы жылы бул университетте 4400 студент күндүзгү, күндүзгү-сырттан окуу жана сырттан окуу бөлүмдөрүндө 54 программа боюнча бакалавриат, магистратура, аспирантура, кесиптик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу деңгээлдерине окутулуп жатат.

Университеттин өзгөчөлүгү – практикага багытталган окутуу. Студенттер теорияны аудиториялардан окуса, практиканы өз өнөктөштөрүнүн өндүрүштүк жайларынан алышат.

Окуу жайда эки жатакана бар, айына 450 рублдан төлөнөт, кимге жатакана керек болсо толук камсыз  болот. Мындан тышкары спорттук комплекси бар студенттик шаарчасы да мыкты. Анда тренажердук зал, бассейн, лыжа базасы, муз тебүүчү жай жана башкалар бар. Олимпиадалык резервдеги ат спортунун мектеби университеттин сыймыгы.

Илимий ишмердүүлүктүн алкагында университеттин базасында Прикладдык агрардык изилдөөлөр илимий институту түзүлгөн, анда студенттерге сабак өтүлүп, илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп, диссертациялар корголот. Университеттин өзүнүн, окуу чарбасы – асыл тукум заводу бар. Ал облустагы ири мүйүздүү кара ала породадагы малды сатуудагы бирден бир перспективалуу борборлордун бири болуп саналат.

Бир топ багыттар боюнча студенттерди даярдоо университеттин өнөктөштөрүнүн – “Госрыбцентр” ФГНУда жана ветеринардык энтомология жана арахнология боюнча Бүткүлроссиялык илим изилдөө институтунда өткөрүлүп келет. Материалдык-техникалык база жакшырып жаткандыктан, студенттердин билими да жогорулап келүүдө.

Окутуунун кайсы багыттары суроо-талапка ээ жана перспективасы кандай?

Агроинженерия, ветеринария, ветсанэкспертиза, экология жана жаратылышты пайдалануу, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү деген беш багыттар алдыда баратат. Мындан башка технотармактагы коопсуздук, жер кадастры, токой чарбачылыгы жана башка багыттар да студенттер үчүн мыкты кесиптерди бере алат.

Бюджеттик жана төлөп окуй турган орундар кандайча бөлүнөт?

Университет бул пропорцияны 50х50 алкагында кармоого аракет кылып келет. 2019-жылдагы окуу жылына Түндүк Урал агрардык университети күндүзгү жана сырттан окуу формаларына бардыгы 500 бюджеттик орундарды сунуш кылат.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<