Кош, Камчыбек! Көп максаттарыңа жетпей калдың…

Кош, Камчыбек! Көп максаттарыңа жетпей калдың…

Капыстан кайгылуу кабар уктук. Кыргыздын дагы бир бычакка сап мыкты уулунан ажырадык. Екатеринбург шаарындагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси, биздин досубуз Камчыбек Каримов күтүлбөгөн жерден өмүрү менен кош айтышты.

Интернет булактарына тараган маалымат боюнча, Камчыбекти кечээ белгисиз бирөөлөр атып өлтүрүшкөн. Кандай болгон күндө да мындай  мыкаачылык менен адам өлтүрүүнү укук коргоо органдары изилдеп чыгып, күнөөлүүлөр жазасын алууга тийиш.

“Замандаш” ассоциациясынын жетекчилиги Камчыбек Каримовдун үй-бүлөсүнө, ага-туугандарына, жакындарына, бардык диаспоралардын мүчөлөрүнө, Камчыбектин досторуна, аны жакшы билген бардык замандаштарга көңүл айтат. Биз дагы жакын досубуздан айрылдык. Камчыбектин ыйманы саламат болсун.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<