Тюменде кезектеги ыр кесени “Аксы коому” өткөрдү

Тюменде кезектеги ыр кесени “Аксы коому” өткөрдү

6-июлда Россиянын Тюмень шаарында жашаган кыргызстандыктардын арасында кезектеги “ыр кесе” болуп өттү. “Ыр кесени” мындан туура бир ай мурда кабыл алган “Аксы коомунун” мүчөлөру өткөрүштү. Бул тууралуу бизге Тюмендеги “Биримдик” кыргыз диаспорасынын жетекчиси Канзада Сманова билдирди.

Бул “ыр кесе” жогоруда аталган диаспоранын түзүлгөндүгүнүн он жылдыгына арналды.

Тюмень шаарында ушу кезде Кыргызстандын 12 аймагынын коомдору түзүлгөн. Буюрса, ушул коомдордун бардыгы кезектешип “ыр кесе” өткөрүшмөкчү. Аксы району өз “ыр кесесин” мыкты өткөрүп, кезекти Сузак районуна сунду.

Канзада Сманова аксылыктар “ыр кесени” мыкты өткөрүшкөндүгүн, ал үчүн уюштуруучуларга ыраазылыгын билдирди. Туура бир ай аралыгында даярдалган “ыр кесени” Тюменде жашаган замандаштар көрүшүп, руханий азык алышты. Кыргыздардын биримдигин, улуттук каада-салтты сактап, чоочун жерде жүрсө да кыргыз элин жакшы жагынан таанытып келе жатышкан алыстагы мекендештердин иштерине ийгилик, өздөрүнө бакубат жашоо гана каалайбыз.

Сузактыктар ыр кесени 20-августта өткөрүүгө камдана башташты.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<