“Замандаш Ассоциациясынын” Москва шаарындагы өкүлдөрү Самат Курманкуловдун саламаттыгынан кабар алышты

“Замандаш Ассоциациясынын” Москва шаарындагы өкүлдөрү Самат Курманкуловдун саламаттыгынан кабар алышты

Бүгүн, 22-августта Мигранттарды колдоо фондунун Москва шаарындагы өкүлдөрү 7-августта Кой-Таш айылында болгон атайын операция учурунда жаракат алып, азыркы учурда Бурденко атындагы нейрохирургиялык борбордо дарыланып жаткан Чүй ОИИББдин мурдагы башчысы Самат Курманкуловдун саламаттыгынан кабар алышты. Алар, бейтаптын жубайы менен баарлашып, карап жаткан дарыгерлер менен сүйлөшүп, ден соолугу тууралуу маалымат алышты.

Белгилей кетсек, Самат Курманкулов атайын операция маалында башынан оор жаракат алган болчу. Комага түшүп, эки ирет операция жасалган. 12-августта дарылануусун улантуу үчүн аны Москвага алып келишкен.

Категориялар Жаңылыктар

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу