Эгемендүүлүк күнүңүздөр менен!

Эгемендүүлүк күнүңүздөр менен!

Урматтуу мекендештер, кымбаттуу замандаштар!

Сиздерди, “Замандаш Ассоциациясынын” атынан 31-август, өлкөбүздүн эгемендүүлүк майрамы – Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 28 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!

Кайталангыс карт тарыхка ээ кыргыз эли кылымдар бою эркиндик үчүн күрөшүп, эгемен жолду улантып келишет. Тарых бүктөмүндө унут калбастан уюткулуу улут катары калыптанып, даӊктуу тарыхый узун жолду басып өтүшкөн. 1991-жылдын дал ушул күнүндө “Көзкарандысыздык тууралуу декларация” кабыл алынып, элибиз эгемендикке ээ болгон. Ала-Тоого азаттык орногон. Ошол күндөн ушул күн Кыргызстан дүйнө мамлекеттеринин арасында эгемен Республика катары желеги желбиреп келет. Азаттык биз үчүн аталардын жаны менен келген ыйык күн. Андыктан бул күндүн тарыхтагы орду өзгөчө.

Ардактуу замандаштар!

Дагы бир жолу сиздерди эгемендүүлүгүбүздүн 28 жылдыгы менен куттуктайм! Асманыбыз бүркөлбөй, түндүгүбүздөн күн нуру чачыраган кызыл байрагыбыз бийиктерде желбирей берсин! Өлкөдө тынчтык өкүм сүрүп, кыргыз эли кырсыктардан алыс болсун! Көп улуттуу мамлекетибизде биримдиктин ыры ырдалып, наристелердин кубанычтуу күлкүсү ар дайым жаӊырып турсун! Дүйнөнүн төрт бурчуна тараган жалпы мекендештерибизди, замандаштарыбызды ыйык майрам-Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм!

Терең урматтап, “Замандаш Ассоциациясынын” төрагасы Расул Айдаров

 

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<