«Замандаш Ассоциациясынын» төрагасынын Басма сөз күнү менен куттуктоосу

«Замандаш Ассоциациясынын» төрагасынын Басма сөз күнү менен куттуктоосу

Урматтуу журналисттер, басма сөз кызматкерлери!

Сиздерди, «Замандаш Ассоциациясынын» атынан кесиптик майрамыңыздар – Басма сөз күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Дүйнөдө маалымат алмашуу тездик менен өнүгүп жаткан доордо журналисттик адистиктин, так жана туура маалымат жеткирүүнүн  мааниси жогору экени ачык байкалууда. Сиздер жазган маалыматтын, чагылдырган окуянын таасири менен өлкөдө бир топ көйгөйлөр чечилип жатканы ырас. Алыста жүргөн мекендештерибиз да сиздер жарыялаган кабарлар аркылуу өлкөсүндө болуп жаткан окуядан кабардар болушууда. Маалаымат каражаттары элге маалымат жеткирүү менен гана чектелбей, коомдук аң-сезимдин калыптанышына түздөн-түз таасир этип, жарандык коом менен бийлик ортосундагы байланышты камсыздап турат. Элдин үнүн бийликке жеткирүүдө  ортомчу болгон ардактуу кесипти аркалап келесиздер. Сиздер өлкөдөгү жаңылануулардын башатында туруп, мамлекет тарыхындагы урунттуу учурларга, олуттуу окуяларга, тарыхый бурулуштарга, экономикалык жана социалдык жактан жасалган кадамдарга өзгөчө салымыңыздарды кошуп келесиздер.

Урматтуу басма сөз кызматкерлери! Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, ар бириңизге бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай каалайбыз! Ары татаал жана сыймыктуу болгон ардактуу ишиңиздерди ийгиликтер коштосун! Жакшылыктын жарчысы болуп, элибизди жаңылык менен сугарып, бар болуңуздар!

 

«Замандаш Ассоциациясынын» төрагасы                                               Абдирасул Айдаров

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<