МУХТАРБЕК

Мухтар Өмүракунов.-1Ар бир доор, ар бир мезгил өзүнүн өзгөчө каармандарын, уул-кыздарын, учур-талапка жараша улуу адамдарын жаратып салат тура. Кыргыз эли акыркы чейрек кылымда өтө оор күндөрдү башынан кечирип келет. Эгемендик алуу, эч кимдин көзүн карабаган эл-журт болуу, өзүнчө өлкө катары дүйнө калкынын катарына кошулууунун өзү деле чексиз океандын бир жээгинен экинчи жээгине чабак уруп чыккандай чатак иш тура. Ошондой катаал, толкуну тоодой ташкындаган океандан өз күчү, таза таланты, карандай ак эмгеги менен чаалыкпай чабак уруп, тереңдикке сүңгүй сүзүп, баарын багындырып, тар жол, тайгак кечүүдө такшалып келе жаткан кыргыздын кыраан жигиттеринин бири Мухтарбек Өмүракунов эле. Кызык, мен жогоруда каардуу, катаал турмушту ошондой эле окшоштуктагы кадимки чалкыган океанга салыштырып айтайын деген элем, бирок мен эскерип жаткан каарманым Мухтарбекти ошол орошон мелжиген океан мээримин төгүп туруп эле акырын өз кучагына катып алып, анын күтүүсүз ажалына себепчи болуп калбадыбы, кашайып.. Ажалга, андан да күтүүсүз келген кырсыкка «кың» дей албайт экенбиз, көрсө.. Читать далее

Мухтарбек Өмүракунов элүүдө!

11705304_769896406461364_3485850948480468401_n
2015-жылдын 13 июлунан 19-июлуна чейин кыргыз коомчулугу мекенчил инсан Мухтарбек Өмуракуновдун 50 жылдыгына арналган эскерүү жумалыгын өткөрөт. Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын илимий, маданий чөйрөсүнүн жана жарандык коомдун өкүлдөрү болгон белгилүү инсандары атайын демилгелүү топко биригип, М.Өмуракуновдун 50 жылдыгын өткөрүү сунушу менен маркумдун атындагы фондго кайрылышкан.
Читать далее