«Замандаш» ассоциациясынын төрагасы сунуш менен Президентке кайрылды

«Замандаш» ассоциациясынын төрагасы сунуш менен Президентке кайрылды

Урматтуу Президент Сооронбай Шарипович! Урматтуу Кеңештин катышуучулары!

Ушул убакытка чейин Замандаш ассоциациясы 2003-жылдан тартып жыл сайын, акыркы жылдары Р. Отунбаеванын Мекендештер форуму менен биргеликте сыртта эмгектенип жашап келе жаткан мекендештердин башын бириктирип, конференция, форум өткөрүп бийлик органдарына сунуштарыбызды берип, мекендештердин Кыргызстанга кайтып келип, мамлекеттин өнүгүүсүнө өз салымын кошуу жаатында иштеп келебиз.

Бизди, мигранттарды колдоп КР Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңешти түзүү боюнча Указ чыгарганыныз бизди аябай кубандырып, мына бүгүнкү иш-чара мамлекеттик деңгээлде өтүп жаткандыгы келечекке үмүттөндүрду.
Ушул Кеңештин мындан ары толук кандуу иштеп кетиши үчүн кечетен бери күн тартибинде каралып жаткан маселелерге биздин сунуштар, толуктоолор, өзгөртүүлөр оозэки түрүндө айтылып калып кетпестен иш жүзүнө ашыруу үчүн сунуш берет элем:
1. Президенттин Аппаратында өз алдынча Чет өлкөдөгү мекендештер жана диаспоралар менен байланыштар боюнча бөлүм түзүп, аталган бөлүм ушул Кеңештин аткаруу органынын функциясын жүргүзүшү керек.
2. Өлкөбүздө миграция маселеси орчундуу ролду ээлегендиктен, Мамлекеттик миграция кызматынын статусун көтөрүү, башкача айтканда өз алдынча министерство кылууну Сизден жана Жогорку Кенештен суранат элем!

 

Категории Главные новости

Об авторе

Написать комментарий